«Манас» Эл аралык аэропорту  Жалал-Абад жана Баткен облустарына ички каттамдарды жандандырууну пландаштырып жатат. 

Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап, жумасына бир жолу - шейшемби күнү ишке ашыруу пландалууда. 

Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттам  2020-жылдын 18-сентябрынан баштап, жумасына бир жолу - жума күнү учат. 

Каттамдар "Тез Джет" авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.