Саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жана Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын суроо-талаптарынын негизинде ата мекендик IT адистер Садам тарабынан жаңы санариптик системалар иштелип чыгууда.  

  • Койка-орундарды эсепке алуу системасыМедициналык мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында жана дарылоо мекемелерине адамдардын толгондугуна мониторинг жүргүзүү, ошондой эле бейтаптарды оперативдүү бөлүштүрүү максатында стационардык орундарды эсепке алуу системасын иштеп чыгуу жана тестирлөө жүргүзүлүүдө. Бул система буга чейинки болгон жана сунушталган ресурстардын натыйжасында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мурда иштелип чыккан жана ишке киргизилген маалыматтык системаларга интеграцияланат.
  • COVID боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу онлайн системасы. Жарандарга ыңгайлуулугун жогорулатуу жана байланыштарды азайтуу максатында биздин адистер COVID-19га анализ тапшырган жарандарга анализдин жыйнтыгын онлайн алууга – СМС жана атайын веб-ресурстар аркылуу алууга шарт түзгөн санариптик чечимди иштеп чыгууга киришти.
  • Социалдык байланыштарды контролдоо автоматташтырылган системасы же байланыштардын трейсинги. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбадагы ийгиликтүү мисалдарды изилдеп чыгып жана анын жайылышынын динамикасын эске алуу менен, ата мекендик иштеп чыгуучулар калктын байланыштарына байкоо жүргүзүү үчүн атайын мобилдик тиркемени иштеп чыгууга киришишти. Бул санариптик чечим – мобилдик тиркеме жарандарга көпчүлүк телефон каражаттарындагы Bluetoothдун жардамы менен лабораториялык шартта коронавирус табылган адамдар менен байланыш болгондугуна монироринг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Маалыматтар түздөн-түз жарандардын смартфонунда иштетилет. Ушуга окшош тиркемелер Apple, Samsung, Google ж.б. компаниялардын чечимдерине окшош.