Ош шаарында, 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу план боюнча жүрүүдө.
Учурда аткарылган иштер боюнча: эски имаратын бузулушу -100%, реанимация бөлүмүнүн пайдубалдарынын бетон иштери - 40%, 1-бөлүмчөнүн -20% и 2 – бөлүмчөнүн -20% аткарылган. Объектте 70 адам жана 7 атайын унаатехникалары ишке тартылган.
Белгитей кетсек, жалпы аянты 2627,7 м2 түзгөн ооруукана тез курулуучу конструкциялардан курулат. Долбоор боюнча лабораториялык медициналык жай, реанимация бөлүмү жана чоң кишилер үчүн жугуштуу ооруулардын дартын аныктоочу, ошондой эле дарылоочу 2 бөлүм болот.