Ош облусунун Кара-Суу районундагы кесиптик-техникалык лицейдин 150 койка орундуу инфекциялык ооруканага кайра профилдештирүүсү 80%-га аткарылды.

            Бүгүнкү күнгө, имараттын жана от жагычуу бөлмөнүн чатырын демонтаждоо иштери, терезе блокторун орнотуусу, тышкы аба жылытуу системасы 100% га аяктап жана от жагуучу эки казан орнотулган. Ошондой эле имараттын чатырынын 30% га  жана бөлмөлөрдүн 1, 2, 3-кабаттарында жасалгалоо иштери 80% га аткарылды.

            Учурда, ички желдетүү, фасаддын штукатуркасы  жана скважиналарды бургулоо боюнча иштер башталды. Объектте 70 адам иштейт.