Бүгүн “Семетей” госпиталындагы коронавирус менен ооруган 8 бейтап сакайып чыкты.

Жалпысынан стационар 47 күн иштеди. Бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган.

Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат.  Бул убакыттын ичинде кошумча шарттар каралып, көйгөйлөрдү чечүү жана лаборатория түзүү пландалууда.