Тунгуч кичирайонунда МТБМКнын төрагасы Алтынбек Исмаилов, МБАнын директору Азамат Дыйканбаев, КР СМ алдындагы МСЭКД өкүлдөрү жана байланыш операторлорунун ЖМК менен маалыматтык-түшүндүрүү боюнча жолугушуусу өттү. Жолугушуу учурунда уюлдук байланыш каражаттарынын нурдануу деңгээлине ченөөлөр жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы бардык санитардык ченемдерге толук дал келе тургандыгы, адамдарга жана айлана-чөйрөгө коопсуз экендиги белгилүү болду. Акыркы күндөрдө социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу уюлдук байланыш каражаттарынын, негизинен 5G технологиясынын адамдын саламаттыгына зыяндуу таасир эте тургандыгы жөнүндө жалган маалыматтар тараган учурлар көбөйгөн. Жалган маалыматтарда коронавирус оорусуна жана анын жайылышына 5G мунаралары себеп болууда деп айтылат. Мындан сырткары, мындай маалыматтарды тараткандар байланыш жабдуулары боюнча түшүнүгү жок туруп, булалуу оптикалык байланыш кабелдеринин түйүндөрүнүн сүрөттөрүн пайдаланышууда жана аларды талкалоого үндөшүүдө. Жарандардын көптөгөн кайрылуулары, анын ичинде Тунгуч кичирайонунун тургундарынын кайрылуулары боюнча МТБМКнын жетекчилиги, МСЭКД эксперттери жана MegaCom компаниясынын адистери ЖМК өкүлдөрү менен маалыматтык-түшүндүрүү боюнча жолугушуу өткөрдү, жолугушуу учурунда уюлдук байланыш каражаттарынын нурдануу деңгээлине ченөөлөр жүргүзүлдү. МТБМК расмий түрдө төмөнкүлөрдү маалымдайт, биринчиден, Кыргыз Республикасында 5G технологиясы киргизиле элек. Экинчиден, байланыш объектилерин талкалоо аракети жалпы райондо жана калктуу конушта уюлдук байланышты өчүрүүгө алып келет, мунун кесепти коронавирус эпидемиясынын шартында олутту зыянга учуратат. Дагы бир айта турган сөз, азыркы күнгө чейин уюлдук байланыш каражаттары менен, анын ичинде 5G технологиясы менен иштөөдө адамдын ден соолугуна зыян келтиригендиги жөнүндө тастыкталган эч кандай лабораториялык изилдөө маалыматтар жок. МТБМКнын төрагасы А.Исмаилов жолугушуу учурунда төмөнкүлөргө токтолду: «Байланыш операторлору 5G тармактарынын жабдууларын пайдаланбагандыгын расмий билдирем, себеби өлкөдө бул технология ишке киргизилген эмес. Комитеттин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги бүгүнкү күндө 5G стандартын пайдаланууга эч кандай уруксаттарды берген эмес. Ошол эле учурда, мессенджерлер жана социалдык тармактар акылуу тарап жаткан байланыш жабдууларынын зыяны жөнүндөгү билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Радио толкундар аркылуу оору жукпайт. Тилекке каршы жарандарыбыз жалган маалыматка ишенип паникага алдырып жатышат, ошондой эле укукка каршы иштерге барууга чакырыктар айтылып жатат. Айта кетүүчү сөз, уюлдук байланыш каражаттарынын нурдануу деңгээлин ченөө боюнча атайын процедуралар бар. Нурдануу бөлүп чыгарган бардык жабдууларга тиешелүү уруксат берилген ченемдерге дал келүүсүнө карата мезгил-мезгили менен ченөөлөр жүргүзүлүп турат. Жол берилген нурдануу ченеми ашык болгон учурда жабдуу ошол замат токтотулат. Көңүл буруңуздар, маалыматтарды анык булактардан алууга аракет кылыңыздар. Санариптик гигиена бүгүнкү күндө өтө маанилүү!» Калкты сапаттуу жана заманбап байланыш менен камсыздоо аракетине, жана ошондой эле түшүндүрүү иш-аракеттерине карабастан көптөгөн жарандар бүгүн жалган маалыматтарга ишенишүүдө жана укукка каршы келген аракеттерге барышууда, мындай аракеттер үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралган. Дагы бир белгилей кетүүчү сөз, аталган адамдар нурдануудан корккону менен жаңы гаджет/смартфондорду сатып алуудан жана уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуудан баш тартышпайт. Статистика боюнча ар бир кыргызстандык эң аз дегенде бирден мобилдик телефон колдонот. Ата мекендик байланыш операторлору калкты Интернет менен камтуу аймагын кеңейтүү жана сапаттуу байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуунун үстүндө такай иш жүргүзүп келишет. Жыл сайын КР МТБМКга караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги байланыш операторлору менен бирдикте коммуникация боюнча кыйынчылыктар бар болгон калктуу конуштарды телефон байланышы менен камсыз кылуу боюнча жумуштарды аткарып келет. Калкты, айрыкча жетүүгө жолу татаал болгон алыскы райондордун тургундарын байланыш менен камсыз кылуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул үчүн ар кандай байланыш объектилерин орнотуу керек. Байланыш объектилеринин курулушу – көп каражатты талап кылган техникалык татаал процесс. Базалык станцияны орнотуу үчүн, мисалы, уруксат документтер топтомун чогултуу талап кылынат. Мындан сырткары, телеком-операторлордун базалык станцияларды куруу боюнча бардык процедураларын – пайдубалын түптөөдөн баштап станцияны эфирге берүүгө чейинкииш-аракеттерин тиешелүү мамлекеттик органдар контролго алат. Ошону менен бирге Кыргызстанда байланыш станцияларына карата ченемдик талаптар дүйнө жүзүндөгү катуу талаптардын бири болуп саналат. «Базалык станцияларрга карата колдонулган стандарт Европа байланыш бирлиги тарабынан иштелип чыккан. Белгилүү болгондой Европада адамдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулат. Стандартты иштеп чыгууда байланыш объектилеринин нурданууларынын адамдын тиричилигине тийгизген таасири боюнча бардык зарыл болгон изилдөөлөр жүргүзүлгөн.», — деп билдирди MegaCom байланыш операторунун радио ченөөлөр жана тармакты оптималдаштыруу департаментинин жетекчиси. «Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө базалык станциянын электрмагниттик талаасынын жол берилген деңгээли 10 мкВт/кв см түзөт. Бул көрсөткүч скандинавия өлкөлөрүндө же АКШда уруксат берилген ченемден бир кыйла төмөн. Европада базалык платформалардын жол берилген нурдануусунун чеги 200 мкВт/кв см түзөт, бул КРдеги ченемден 20 эсеге жогору. Ушундай ченем менен дагы Евро биримдиктин калкы станциялардан кооптонбостон сапаттуу байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн алышууда.» - деп айтты Н.Курманбаев. Базалык станциялардан нурдануулар чыгат, бирок алар жыштыктарды пайдаланып иштеген: радио, теле көрсөтүү, Wi-Fi, микротолкундуу мештер сыяктуу ж.б. приборлордон чыккан нурдануулар сыяктуу эле деңгээлде. Каражаттын кубаттуулугу канчалык жогору болсо нурдануу дагы ошончолук жогору болот. Жолугушуунун жүрүшүндө санитардык врач Ж.Арзыкулов Бишкек ш. Тунгуч кичирайонунда жайгашкан базалык станциядан чыккан нурданууга ченөө жүргүзгөн. «Ченегич прибор базалык станциянын нурдануу деңгээли 4,8 мкВт/кв. см экендигин көрсөткөн, ал эми жол берилген көрсөткүчү 10 мкВт/кв. см, б.а. жол берилген нормадан эки эсеге төмөн жана Кыргыз Республикасынын бардык санитардык талаптарына толугу менен дал келет. Айланасындагыларга зыяндуу таасир этпейт.» - деп билдирди ал. Базалык станциялардан нурдануулар чыгат, бирок алар жыштыктарды пайдаланып иштеген: радио, теле көрсөтүү, Wi-Fi, микротолкундуу мештер сыяктуу ж.б. приборлордон чыккан нурдануулар сыяктуу эле деңгээлде. Каражаттын кубаттуулугу канчалык жогору болсо нурдануу дагы ошончолук жогору болот. Мисалы уюлдук телефондон чыккан нурдануунун деңгээли 17 мкВт/кв. см чейин (телефондорго жол берилген нурдануунун ченеми 100 микроватт). Жүргүзүлүгөн ченөөлөрдүн жыйынтыгы базалык станциялардан чыккан нурдануунун деңгээли башка приборлорго салыштымалуу минималдуу экендигин көрсөттү. Белгилей кетүүчү сөз, базалык станциялар турак-жай объектлеринен бир нече ондогон метр алыстыкта орнотулат, бул адамдар үчүн нурдануунун деңгээлин азайтат. Санариптик технологиялар динамикалык өнүгүп жаткандыгына жана калктын санариптик кызмат көрсөтүүлөргө карата суроо-талабынын өсүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасында байланыш тармактарына келтирилген оорчулуктар дагы өсүүдө, бул болсо байланыш объектилеринин, анын ичинен базалык станцияларды өнүктүрүү жана санын көбөйтүү зарылдыгы келип чыгууда. Чет өлкөлөрдө бул маселени рационалдуу чечүү аракетинде жана айлана-чөйрөнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында базалык станциялар бактар түрүндө же башка курулуш объектилери түрүндө жайгаштырылууда. Мындай өзгөчө курулуштагы байланыш объектилери жаратылышка көрк кошуп жалпы картинага шайкеш келтирилген жана ошол эле учурда калкты зарыл болгон байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздоо маселеси чечилген. Азыркы мезгилде санариптик коомду байланыш кызмат көрсөтүүлөрүсүз элестетүү мүмкүн эмес. Онлайн санариптик чөйрө – бүгүнкү күндө байланышта болуу менен, жумуш иштөө, окуу, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана эпидемия учурунда коопсуздукту сактоо мүмкүнчүлүгү экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Онлайн чөйрөдө коронавирус жок.